1. Бакыт-таалай: ойдогу самагандарына жетишип, ырыстуу жашоо. 2. Бакты-таалайдын ээси. «Бак карап, Кыдыр даарыган» адам түбөлүк бакты – таалайлуу, ар дайым жолдуу болот. Ак сакалы Бак экен («Манас» С. О.).
өсүп турган көп жылдык жыгач өсүмдүгү жана ушундай жыгач өсүмдүктөрүнүн тобу. Алмалуу бак көтөрө албай мөмөсүн Бүтүн шактар туш-тушунан жөлөнгөн (Токомбаев). Мөлтүрөп ийген шактарын Мөмөлүү жыгач бактарын (Маликов). Бак аралап сымаптай суу Ыргып ойнойт шылдырап (Токомбаев).
1. Тарбиялап өстүрүп же материалдык жардам көрсөтүп, өмүр сүрүүсү, жашоосу үчүн камкордук көрүү. Абазды ушул кемпир багып чоңойткон (Таштемиров): Муканбай бой тартып энесин бага баштады («Ден соолук»). 2. Мал үчүн камкордук көрүү, жем-чөп берүү, жайытка чыгаруу сыяктуу камылга кылуу иштерин жүргүзүү. Эгин айдап, мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул). Окуп алган киши уйду бакса, ага көк көйнөктү жолотпойт (Сыдыкбеков). || Ар кандай жаныбарларды, үй айбандарын, канаттууларды колдо асыроо. Коён, тоок багамын, Аларга короо саламын (Осмонов). Жайдан кышка шаңшытып, Алгыр бүркүт бакканың (Токтогул). 3. Эгиндин, бак-дарактардын же башка ар кандай өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн кам көрүү. Эгиндер толуп көйкөлөт, Кадырлап баксак кадырлап, Береке берер өмүргө биздин колдон өнгөн бак (Осмонов). 4. Кароо. Ак шишик баскан балдарды тик бага албай жүрдүм (Айтматов). Күн тийгендей жаркырап, Күлө багып жайнайсың (Токтогул). 5. Сак-сактоо, кайтаруу, кароо, көзөмөлдөө, байкоого алуу. Калың кыргыз, кыпчакты Кас душмандан ким багат? («Курманбек»). Эр Манастын күмбөзүн, Эченден бери багат дейт («Эр Табылды»). 6. Кандайдыр бир аракетти жасап көрүү, байкап көрүү маанисинде көмөкчү этиш катарында колдонулат. Белекке бердим, кийип бак, Белсенип жоого тийип бак («Сейтек»). өлбөй тирүү калбайсың, Жан аманат, ойлоп бак (Токтогул). Келишимдүү Тоотору ат, Кежирлик кылбай минип бак («Сейтек»).
Суюк заттар куюлуучу, көбүнчө цилиндр формасындагы чоң идиш. Биздин мектептин кире бериш жеринде суу толтурулган бак турат.